Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

Греция эл аралык кредиторлорго өз программасын сунуштады


Грециянын өкмөтү эл аралык каржы уюмдарына экономикалык программасын сунуштады. Бул тууралуу Еврокомиссиянын өкүлдөрү кабарлады. Эл аралык валюта кору, Еврокомиссия жана Европанын Борбордук банкы бул программаны талдап чыгып, Афиныга мындан аркы жардам боюнча чечим кабыл алат. Январдагы шайлоодон кийин бийликке келген премьер-министр Алексис Ципрас мурунку өкмөттүн эл аралык жардам алуу үчүн чыгымдарды үнөмдөө саясатын сындап, аны жумшартуу убадасын берген.

Евробиримдиктин башка өлкөлөрү Греция өзүнө алган милдеттемелерди аткармайын, жаңы жардам көрсөтпөй турганын билдирүүдө.

Эгер грек өкмөтүнүн сунуштаган программасы 28-февралга чейин кабыл алынбаса, Евробиримдиктен келген жардам токтойт жана Греция дефолт деп жарыяланышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG