Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Четимбаев: Сартбаев мени опузалап, ок чыгарды


Ишкер Самсалы Четимбаев журналист Арслан Сартбаев аны опузалап, коркутуу иретинде ок чыгарганын айтууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирип, окуя Бишкектеги “Барашек” кафесинин жанында болгонун айтты:

- Ал интернетке мени каралаган макала жазган экен. Ал жөнүндө өзү мага кабарлап, “окуп коюңуз” деди. Макаланы көрүп, ушак катары жазылганына жиним келип, телефон чалсам, үйүнө чакырды. Үйүндө бир топ чырлаштык. Ал үйүнөн тапанча алып чыгып, атып салам деп коркутту. Анан менден машинада бир жерге жеткирип коюумду суранды. Машинеме салып алып кеттим, “Барашек” кафесинин жанына барганда ал унааны токтотушумду суранып, кайра “атып салам” коркутту. Ошол маалда тапанча атылып кетти. Бирок мага тийген жок. Ал бир аз кызуу да болчу. Арсланды “Соха” деген кафеге таштап, андан ары кеттим,- дейт Четимбаев.

Бирок журналист Арслан Сартбаев ишкерге ок атканы тууралуу маалыматты төгүндөп, окуя кокусунан болгонун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, колундагы тапанчаны отургучтун артына салып жаткан учурда кокусунан атылып кеткен. Журналист курал мыйзамдуу экенин жана аны дайыма жанында алып жүрөрүн маалымдады.

Бишкек шаардык милициясы Четимбаевдин арызынын негизинде Сартбаевге карата Кылмыш-Жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козгоду. (SE\MTo)

XS
SM
MD
LG