Бүгүндөн тарта Ош шаардык мэриясында англис жана орус тил курсуна катышуучулар кабыл алына баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык мэриясынын жаштар комитетинин төрагасы Камчыбек Досматов билдирди:
- Окуу борборун ачуу жаштардын билим деңгээлин көтөрүү, каражаты аз жаштарга акысыз тил үйрөнүүгө шарт түзүү жана жаштардын иш менен камсыз болуусуна жол ачуу максатында уюштурулууда. Окуу акысыз болот -дейт Камчыбек Досматов.
Окуу Ош шаардык мэриясынын имаратында аптасына үч жолу өтөт. Ар бир тайпага 25 адам алынат. Окуу мөөнөтү үч ай.
Ош аймагынан сыртка мигранттар көп агылган аймак. Орусиядагы кризистен улам, алардын көпчүлүгү кайра кайтып келишүүдө.(YI;ZKo)