Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

“Моссад” Ирандын өзөктүк программасы боюнча Нетаньяху менен макул эмес


Израилдин чалгын кызматы “Моссад” премьер-министр Бенямин Нетаньяхунун Ирандын өзөктүк программасы боюнча пикирине макул эмес. Бул тууралуу The Guardian гезити 2012-жылдагы Израил премьер-министри менен “Моссаддын” докладдарына таянып жазып чыкты. 2012-жылы Нетаньяху БУУнун Башкы ассемблеясында сүйлөп жатып, Иран өзөктүк курал өндүрүүгө даяр болуп калганын айткан эле. Бирок “Моссаддын” маалыматында ушул жылы Ирандын “өзөктүк куралды өндүрүү боюнча ишмердик жүргүзбөгөнү” айтылган. Түштүк Африкадагы жыйында сунушталган докладда Ирандагы байытылган уран менен өзөктүк курал жасоого болбой турганы көрсөтүлгөн.

Бул боюнча документ журналисттердин колуна келип түшкөн. Аталган маалыматты The Guardian басылмасынан тышкары “Аль-Жазира” телеканалы да жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG