Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Милиция: Кадамжайдагы өрттө балдар камалган эмес


Кадамжай районунун Айдаркен шаарында болгон өрттө балдар үйгө камалбаганын жергиликтүү милиция маалымдады. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мамадали Шакировдун билдиришинче, 21-февралда Кадамжай районунун Сырт айылынын тургуну аялы жана үч баласын үйгө камап өрттөп жиберген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Окуя боюнча эч ким жабырлануучу катары милицияга арыз менен кайрылган эмес. Ошондуктан өрт окуясы боюнча кылмыш иши да козголо элек.

21-февралда түн ичинде Сырт конушунун тургуну аялын жана үч баласын үйгө камап өрттөп жибергенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин кабарлаган. Министрлик тараткан маалыматта аял балдары менен терезеден качып чыгууга жетишкени, жараат алышпаганы айтылган.

Ал эми айыл тургундары үйдүн ээлери буга чейин араздашып, ажырашып жүрүшкөнүн айтышууда. Ошол түнү келин эки баласы менен "үйүбүздө өрт чыкты" деп кошунасыныкында түнөгөн. Үйдү ким, эмне үчүн өрттөгөнү милиция тарабынан иликтенип жатат. (JsA;ZKo)

XS
SM
MD
LG