Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия бийликтерин Украинанын чыгышында жаңжал боюнча жалган айтып жатат деп айыптады. Керри 24-февралда Сенатта сүйлөп жатып, Украинанын чыгышында орус аскерлери жок деген Орусия бийликтеринин билдирүүсүнө ишенбей турганын айтты.
Буга чейин Жон Керри АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкцияларды карап жатканын билдирген болчу.
Украинанын чыгышында былтыр апрелден бери өкмөттүк аскерлер менен орусиячыл жикчилдер ортосунда жаңжал уланып жатат. Анда 5600гө жакын адам набыт кетти. Украина жана Батыш Орусияны жикчилдерди колдоп, аскерлерин жиберип, курал-жарактан жардам берип жатат деп айыптап келет.