Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Шайлообек Дүйшеев окурмандары менен жолугушат


Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы адабият музейинде кыргыз эл акыны, журналист Шайлообек Дүйшеев өзүнүн окурмандары менен жолугушат. Анда акын өзүнүн акыркы жазган ырлары менен бөлүшөт, окурмандардын суроолоруна жооп берет. Шайлообек Дүйшеев тууралуу “Отко чуркаган бала” аттуу даректүү тасма көрсөтүлөт.

Шайлообек Дүйшеев белгилүү журналист, кыргыз эл акыны. Баш-аягы жети китептин автору. Автобиографиялык “Агындылар” китеби окурмандардын суроосу менен кайра-кайра үч жолу басылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG