Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда өткөн жылдын декабрь айында мал уурулукка шектелип кармалган Курбан Шайназаров менен Манас Каракулчиев райондук милиция кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып укук коргоочуларга кайрылды. Камакка алынгандардын денесиндеги көк-аланы жакындары тасмага тартып алган. Бул тууралуу “Эркиндик үнү” укук коргоо уюму кабарлады. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери кармалгандардын биринин 9-класста окуган тууганын бөлүмгө алып келип, тааныштары уурулук кылганы чын экенин тастыктаган түшүндүрмө да жаздырып алган. Өспүрүм бала аны милиционерлердин басымы менен жазганын айтууда.
Ала-Бука райондук ИИБ бул маалымат чындыкка дал келбесин билдирүүдө. Шектүүлөрдүн жакындарынын арызы менен райондук прокуратура кылмыш иш козгоду.
Өткөн жылдын 19-декабрында Ала-Бука районунда уурдалган мал Өзбекстанга өткөрүлүп жиберилгени кабарланган. Окуя болгон жерден эки чоң киши менен бир баланын изи табылган. Шектүү катары жергиликтүү тургандар Курбан Шайназаров менен Манас Каракулчиев камакка алынган болчу. (SE)