Бул тууралуу учурда Варшавада жүргөн экс-депутат өзү “Азаттыкка” билдирди. Ал Кыргызстанга качан келери азырынча анык эместигин, бирок кийинки парламенттик шайлоодо жаңы партиянын курамында ат салышарын айтты.
- Мен 24-февралдан тарта “Мекенчил” партиясына мүчө болдум. Партиядагылар кошулууну сунуштап, мага кат жолдошкон. Программасы менен тааныштым. Мага жакты. Идеялары менин ойлорума шайкеш экенинен улам ушундай чечим кабыл алдым,- дейт Жапаров.
Садыр Жапаров 2006-жылы түзүлгөн “Ата-Журт” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири болгон. Ал партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге 2012-жылы “мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган” деген айып менен камалган. 2013-жылы Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыраган соң бошотулган. Кийинчерээк “өмүрүмө коркунуч жаралып жатат” деген негиз менен мамлекеттен чыгып кеткен. Бир жыл мурун “Ата-Журт” партиясынын курамынан чыккан.
Ал жаңы кошулган “Мекенчил” партиясы 2010-жылы катталган. Учурда ага Мелис Аспеков, Төрөхан Жунусбеков теңтөрагалык кылууда.
Коомчулук арасында аталган партия Садыр Жапаров өзү негиздеген уюм катары да айтылып келет. Бирок Жапаров муну четке кагууда. (SE)