Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Казакстандык Александр Павлов Испаниядан баш паанек алды


Александр Павлов
Александр Павлов

Испаниянын Жогорку Соту казакстандык Александр Павловго саясий баш паанек берүү чечимин чыгарды.

Бул тууралуу El Pais деп аталган испан басылмасы жазып чыкты. Александр Павлов казакстандык банкир жана оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязовду кайтарган топтун башчысы эле.

Казакстанда терракт уюштуруу аракети үчүн айыпталып келген Александр Павловду Астана бир нече жылдан бери кайтарып алуу аракетин көрүп келген.

Казак бийлигинин өтүнүчү менен 2012-жылы Мадридде кармалып, испан түрмөсүндө бир жарым жыл отурган 37 жаштагы Павлов өткөн жылдын июль айында күрөөгө бошотулган.

Испания Казакстан менен кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча келишимге кол койгон Евробиримдиктин жалгыз мүчөсү.

Бир жылдан ашуун убакыттан бери саясий бозгундагы Мухтар Аблязов Франциянын түштүгүндө абакта жатат.

Өткөн жылдын 24-октябрында Франциянын Лион шаарынын соту Орусия жана Украинанын өтүнүчтөрүн канааттандырып, казакстандык банкир Мухтар Аблязовду экстрадициялоо чечимин чыгарган. Өткөн жылдын жайында Аблязов Орусия менен Украинада финансылык көз боемочулук үчүн айыпталууда деген негизде камакка алынган. Аблязов өзү иштин артында саясат турат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG