Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Турганбаев: Гүлжигит Абилазизов милицияга өзү келди


Минск шаарында өлтүрүлгөн Алмамбет Анапияевдин жакын жөкөрлөрүнүн бири, 25 жаштагы Гүлжигит Абилазизов милицияга көрсөтмө берүү үчүн өз каалоосу менен келгенин “Азаттыкка” ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, Абилазизов азыр күбө катары суралууда. Камакка алынган жок. Буга чейин анын камалганы тууралуу тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Толук маалымат 26-февралда министрлик тарабынан атайын уюштурулуп жаткан маалымат жыйынында айтылат.

Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнүн бири катары таанылган Алмамбет Анапияев 18-февралда Беларус борборунда киши колдуу болгон. Анын адвокаты Гүлжигит Минскиге Анапияев менен чогуу барганын, бирок ал киши колдуу болгондон бери дайыны чыкпай жатканын айткан болчу.

Алмамбет Анапияев бир топ оор кылмыштарга шектелип 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөгө алынган. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG