Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

AI: БУУ эл аралык коопсуздукту жана тынчтыкты сактай алган жок


24-февралда Amnesty International уюму 2014-жыл боюнча докладын жарыялады
24-февралда Amnesty International уюму 2014-жыл боюнча докладын жарыялады

24-февралда Amnesty International же Эл аралык мунапыс уюму 2014-жыл боюнча докладын жарыялады. Анда уюм өлкө бийликтерин "жарандарды коргоо алардын милдетине жатпайт" деп билмексен болбой, кризистик окуяларга бөгөт коюу ишине чечкиндүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чакырды.

Украинанын чыгышындагы согушта өткөн жылдын апрель айынан бери 5600дөн ашык адам өлгөнү айтылып, орусиячыл козголоңчулар да, украин аскерлери да эки оттун ортосунда калган жай тургандарды ойлоп койбогону үчүн сындалды.

Amnesty International жалпы эл аралык коопсуздукту жана тынчтыкты сактап кала албады деп Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин да сындады. Баяндамада Ирак, Сирия жана башка жерлерде жарандарды коргоо боюнча Коопсуздук Кеңеш өз убагында натыйжалуу чара кабыл ала албаганы айтылган.

Amnesty International уюмунун башкы катчысы Салил Шетти 24-февралда Лондондо өткөн жыйында сүйлөп жатып:

- Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жай тургундарды коргоо үчүн, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздап берүү үчүн түзүлгөн. Бирок бул нерсе ишке ашпай калды көрүнөт. Ийгиликке жетпей калышка кеңештин беш туруктуу мүчөсү вето коюу укугун кыянаттык менен пайдаланганы тоскоол болду, - деп уюм БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсүн геноцид же массалык зомбулук учурунда вето коюу практикасынан баш тартууга чакырарын билдирди.

XS
SM
MD
LG