Украинанын чыгышындагы орусиячыл козголоңчулар Мариуполго чабуул жасай турган болсо Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизет. Бул тууралуу бүгүн France Info агенттигине Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус билдирди.
“Эгер козголоңчулар Мариуполго кол сала турган болсо, жалпы абал анын ичинде санкциялар боюнча суроолор да түп-тамырынан өзгөрөт” - деди Фабиус.
Польшанын Тышкы иштер министри Гжегож Схетын да эгер Мариуполго чабуул жасалса, санкцияларды автоматтык түрдө киргизүү үчүн алардын долбоорлорун алдын ала даярдап коюу керектигин айтты.
Донбасс аймагынын лидерлери жана Киев Мариуполь аймагында кагылышуулар болуп кетүү мүмкүндүгүн айтып, бири - бирин айыптап келүүдө. “Донецк элдик республикасы” делген аймактын өкүлдөрү украин аскерлери Мариуполду багыттап күч топтоп жатканын айтышса, Киев орусиячыл козголоңчулар Мариуполду басып алуу аракетин көрүп жатат деп билдирди.
Минскте 12-февраль күнү Франция, Орусия, Украина жана Германия лидерлери жолугуп, 14 сааттык сүйлөшүүдөн соң 15-февралдан тарта Украинада ок атууну токтотуу боюнча макулдашкан.
Чоң жетилик эгер Минск келишими бузулса, Орусияга карата санкциялар күчөтүлөрүн эскерткен.