Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кызамыкка каршы эмдөө жүргүзүүгө чакырды


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кызамыкка каршы эмдөөлөр Европа жана Борбор Азияда токтоосуз жапырт жүргүзүлүшү керектигин билдирди. Уюмдун Европа боюнча бөлүм башчысы Жужанна Якаб 25- февралда жасаган билдирүүдө 2014-жылдын башынан бери дүйнө жүзү боюнча 22 миң адам кызамык илдетин жугузуп алганы айтылат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, алардын эң көбү Кыргызстанда катталган. Өлкө боюнча жугуштуу оору менен жабыркагандардын саны-7477 ге жеткен.

Босния жана Герцеговинада-5340, Орусияда-3247, Италияда-1674, Германияды-583, ал эми Казакстанда 537 адам кызамык оорусу менен катталган.

Жакында эле Германияда эмделбеген 18 айлык наристенин кызамыктан чарчап калышы өлкөдө ызы-чуу жаратты. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине караганда, “эмдөөгө каршы” ата-энелердин саны күндөн-күнгө өсүүдө.

XS
SM
MD
LG