Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Путин Украинага газ берүү токтотуларын эскертти


Киев алдын ала акысын төлөп койгон орус газы 3-4 күн берилет. Андан соң “Газпром” түзүлгөн келишимге ылайык, Украинага көгүлтүр от берүүнү токтотот. Бул тууралуу шаршембиде Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.

Киевдин Донбасс аймагына газ берүүнү токтотуп коюусун орус президенти “геноцидге окшош” деп сыпаттады.

“Интерфакс-Украина” билдиргендей, “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер “Нафтогаздын” башчысы Андрей Коболевге кат жазып, эгер Киев алдын ала төлөмдөрдү жүргүзбөсө газ берүүнү токтоторун эскерткен.

Мурдараак “Нафтогаз” компаниясы “Газпром” келишимдин баарын так аткарат деген ишеним болмоюнча орус газы үчүн алдын ала төлөмдөрдү киргизбестигин айткан.

“Нафтогаз” билдиргендей “Газпром” эки күндөн бери украин тараптын газды келишимдин негизинде жеткирүү талабына жооп бербей келет.

XS
SM
MD
LG