Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:07

Ооруканада комада жаткан баланын абалы жакшыра баштады


Бала колу-буттарын кыймылдатып, тамак жегени жакшырды, бирок али толук өзүнө келе элек. Бул тууралуу Балдарды коргоо лигасы коомдук фондунун төрайымы Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” билдирди. Азырынча баланын ооруканада канча убакыт болору белгисиз. Аны кезектешип карап жаткан үч медайым бар. Аларга каражатты Бишкек шаардык мэриянын фондунан төлөнүүдө.

Соңку күндөрү Кыргызстандан жана чет өлкөдөн баланы асырап алууну каалагандардан сунуш түшө баштады. Бирок бул маселе бала толук айыкмайынча каралбайт деп билдирди Назгүл Турдубекова.

11-январда борбордогу №3 балдар ооруканасына көгала болуп сабалган жана зордукталган бала оор абалда келип түшкөн. Бала ошондон бери өзүнө келе албай жаткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG