Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

“Газпром”: Ошто келишимди жаңыртпагандардын газы өчүрүлөт


Ош шаарынын бардык абонентери “Газпром-Кыргызстан” ишканасы менен 1-апрелге чейин жаңыдан келишим түзүүгө тийиш. Келишимди жаңыртпагандарга газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Газпром - Кыргызстан” ишканасынын Оштогу өкүлү Маматкалык Аматов билдирди. Анын айтуусунда, келишим түзүүгө үй ээсинин жана үйдүн техникалык паспорттору талап кылынат. Ал эми батирди ижарага алып жашагандар үй ээсинен ишеним кат алуулары керек.

“Биз абоненттерге өткөн жылдан бери эле эскертип келебиз. Бирок алар газ жок болсо, кайдагы келишим деп макул болбой жүрүшкөн. Бүгүнкү күндө “Газпромдун” Оштогу өкүлчүлүгүндө абоненттер менен келишим түзүү үчүн 10 адам иштеп жатат”, - деди Аматов.

Мурун абоненттер көгүлтүр от тууралуу келишимди “Кыргызгаз” менен түзүшкөн. Аталган ишкана өткөн жылы Орусиянын “Газпром” компаниясына ири карызы менен кошо символдуу түрдө 1 сомго сатылып, анын ордуна "Газпром-Кыргызстан" ишканасы түзүлгөн. Эми жаңы ишкана менен жаңы макулдашуу түзүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Учурда Ош шаарындагы абоненттердин 55% ишкана менен келишим түзө элек. Ош облусунда 60 миң 500 газ колдонуучу бар.(YI,ZKo)

XS
SM
MD
LG