Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Ошто сот залынан качкан киши табыла элек


Кечээ саат 16:45 чамасында Ош облустук сотунун сот залынан качып кеткен Манап Каюмов табыла элек. Ал маңзат сактаган жана саткан деген шек менен кармалып, камалып турган. Ал тергөөдө өзүн маңзат ташууга Маңзатка каршы күрөшүү агенттигинин кызматкери түрткөнүн айтып чыккан. Анын сөзү боюнча аталган агенттиктин оперативдүү кызматкери да камакка алынган эле.

25-февралда Ош облустук сотунда анын ишин териштирүүгө даярдык көрүлүп жаткан учурда качып кеткени аныкталган.

Буга байланыштуу Ош шаарынын жана облустун ичинде “Сирена” операциясы жарыяланып, издөө иштери башталды.

Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирип, жарандарды шектүү кылмышкерди кармоого көмөктөшүүгө чакырган.(YI;ZKo)

XS
SM
MD
LG