Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева кыргызстандык журналисттерди кесиптик этиканы сактоого чакырып, алардын чеберчилиги чабал болуп жатканын айтып сындады. Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн саясатчылардын, бийлик өкүлдөрүнүн сөзүн бурмалабай берүүнү суранды.
Депутат кайсы медиа уюм кандай кемчилик кетирип жатканын так айткан жок. Бирок абройлуу эле жалпыга маалымдоо каражаттары "сары прессанын" деңгээлине түшүп баратканын белгилеп, медиа жетекчилерине кол астындагы кызматкерлердин кесиптик деңгээлин көтөрүүнү сунуштады. (SE)