Нарын облусундагы Казарман - Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында коопсуздукту камсыз кылуу жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында бүгүнтөн тарта 5-мартка чейин артиллериялык курал менен тоодогу карды атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Ушундай эле себеп менен Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдары аткылоо иштери жүрүп жаткан сааттарда убактылуу жабык болот. (RK)