Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Атамбаев: Бакиевдер Анапияевди өлтүргөнү Минск үчүн кооптуу белги


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Жаныш Бакиев өзүнүн мурдагы жан жөкөрү Алмамбет Анапияевди жок кылуу боюнча Минскте уюштурган кандуу окуя Беларус бийлиги үчүн кооптуу сигнал. Бул тууралуу бүгүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

- Бакиевдердин чыныгы канкор жүзүн билиш үчүн алар дагы канча адамды өлтүрүшү керек? Беларус бийлиги өз аймагында кылмышкерлерди калкалап отурганы менен өз жарандарынын коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат, - деди Атамбаев.

Президенттин бул билдирүүсүн бүгүн анын маалымат кызматы таратты. Анда 2010-жылдын апрель окуясында жана ага чейин адамдарды өлтүрүү, кордоо фактылары боюнча айыпталып жаткан Бакиевдерди белорус бийлиги жаап-жашырып, мамлекеттик сыйлык тапшырып, тойлорун уюштуруп, кыргыз сотуна өткөрүп бербей жатканына нааразылык айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG