Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Кулов өкмөттү кетирүү маселесин 9-апрелде кароону сунуштады


Феликс Кулов
Феликс Кулов

Өкмөт Кумтөр маселесин чечүү боюнча так сунушун бере албаса аны отставкага кетирүү керек. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын лидери, башкаруучу коалициянын жетекчиси Феликс Кулов билдирди.

Куловдун сунушу боюнча, бул маселе парламенттин 9-апрелдеги жалпы жыйынында каралышы керек. Ага чейин "Республика" фракциясы да Кумтөргө байланыштуу парламенттин токтомдорун аткара албаганы үчүн өкмөттү отставкага кетирүү демилгесин айткан болчу.

Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөт менен бирге Кумтөр маселесин талкуулоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG