Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Лавров Керринин сынына жооп кайтарды


Сергей Лавров
Сергей Лавров

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Москвага карата жаңы санкцияларды киргизүү боюнча эскертүүсүнө жооп кайтарды. Лавров жаңы санкциялар боюнча кеп Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу боюнча келишимди аткаруудан көңүлдү башка маселеге буруу үчүн атайлап таратылып жатканын билдирди.

25-февралда Керри Сенатта сүйлөп жатып Орусияны “улам жаңы аймактарды басып алуу менен” Украинада туруксуздук орнотуп жатат деп айыптаган. Кошмо Штаттардын мамкатчысы Москва менен Украинанын чыгышындагы жикчилер ай башында жетишилген келишимдин шарттарын аткарбаганы үчүн жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин эскерткен.

Лавров “Жон Керри жана Доналд Туск баштаган Батыш жетекчилеринин билдирүүлөрүн жөнөкөй түшүндүрүүгө болот деп ойлойм. Алар Минсктеги келишимди аткаруудан көңүлдү бурууга аракеттенүүдө" деп билдирди.

12-февралда Германия, Франция, Украина жана Орусия лидерлери жетишкен келишимге ылайык, 15-февралда түн ортосунда ок атышуу токтотулуп, оор техника майдан тилкесинен чыгарылмак. Бирок келишим толугу менен аткарыла элек.

БУУнун эсеби боюнча, өткөн жылдын апрель айынан бери уланып жаткан жаңжалдан 5600га жакын адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG