Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

Ооганстанда Түркия элчилигинин кызматкерине кол салуу болду


Кол салуу болгон жер
Кол салуу болгон жер

Кабулда Түркия элчилигинин кызматтык унаасына кол салуу болду. Элчилик унаасы өтүп баратканда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Кол салуудан түрк элчилигинин бир кызматкери мерт кетип, дагы бири жараат алды.

Кол салуу НАТОнун Ооганстандагы жарандык өкүлү Исмаил Арамаздын коопсуздук кызматынын унаасына багытталган. Жардыруу Кабулдагы Ирандын элчилигинин жанында болгон. Түрк элчилигинин имараты да Иран элчилигине жанаша жайгашкан.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги жардыруудан түрк элчилигинин кызматтык унаасынын айдоочусу мерт болгонун кабарлады.

Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти талибдер өзүнө алды. Дал ушундай эле жардыруу Кабулда өткөн айда катталган эле. Анда жанкечти согушкерлер Евробиримдиктин миссиясынын автоунаасына кол салып, бир адам мерт кеткен эле.

XS
SM
MD
LG