Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:38

Казак министри кыргыз милициясы боюнча юристтерге кайрылат


Арыстанбек Мухамедиулы, Казакстандын маданият жана спорт министри
Арыстанбек Мухамедиулы, Казакстандын маданият жана спорт министри

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы Кыргызстандын Ички иштер министрлиги анын сүрөтүн кылмышкерди аныктоо максатында пайдаланганы үчүн юристтерге кайрылып, укуктук жагын териштирет. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн расмий маалымат агенттиктери кабарлады.

Беларуста киши колдуу болгон Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу көрсөтмө берип жаткан күбөгө 26-февраль күнү милиция бир катар сүрөттөрдү көрсөтүп, алардын арасында кылмышкер бар же жок экенин сураган. Сүрөттөрдүн арасында Арыстанбек Мухамедиулынын да сүрөтү болгон. Сурактын жүрүшү тасмага тартылып, телевидение аркылуу көрсөтүлгөн.

Бул боюнча кыргыз ИИМинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” төмөнкүчө комментарий берди:

ИИМ тараткан тасмадагы кылмышка шектүүлөрдүн болжолдуу сүрөттөрү
ИИМ тараткан тасмадагы кылмышка шектүүлөрдүн болжолдуу сүрөттөрү

- Күбөнүн көрсөтмөсүндө сүрөттөлгөн адамга окшош кишилердин сүрөтүн интернеттен издегенде казакстандык министрдин да сүрөтү чыккан. Милицияда иштеген балдар ал кишини көргөн эмес, тааныбайт. Сүрөттө да ал ким экени жазылбаптыр. Ошондуктан аны шектүү деп болжолдонуп жаткан кишинин сүрөтүнүн катарына коюп күбөгө көрсөткөнбүз. Тергөө учурунда мындай ыкма колдонулуп келет. Муну Арыстанбек Мухамедиулы туура түшүнөт деп ишенебиз. Биздин балдар катачылык кетирип, анын сүрөтүн билбей эле пайдаланган.

Арыстанбек Мухамедиулынын сүрөтү менен катар Жаныш Бакиевдин да фотосу коюлган. Күбө катары көрсөтмө берип жаткан Гүлжигит Абилазизов Анапияевди өлүмүнө катышы бар деп Жаныш Бакиевди көрсөткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG