Кыргызстан Кумтөрдөгү алтын ишканадан көргөн пайдасы 20 жылда 2 миллиард 715 миллион доллар болду. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, аталган сумманын 1 миллиард 50 миллион доллары мамлекеттик бюджетке түшкөн.
1994-2014-жылдар аралыгында жалпы киреше сумманын ичинен 856 миллион доллар салык түрүндө, 133 миллиону Социалдык фондго, 518 миллиону кыргызстандык кызматкерлерге айлык маяна, 699 миллиону ар кандай сатып алуулар аркылуу түштү.
Дивиденд түрүндө 77 миллион доллар, аффинаж үчүн 55 миллион доллар киреше болду.
Бүгүн парламент өкмөт менен бирге Кумтөр маселесин талкуулоодо. (RK)