Ташкенттеги интернет-кафе жана компьютердик клубдар кечки 9дан кийин жабылат. Мындай жарлыкты 18-февралда өзбек баш калаа бийлиги чыгарды.
Ага ылайык, өспүрүмдөрдүн окуу учурунда интернет-кафелерде жүрүүсүнө тыюу салынат жана сабактан тышкары учурда ал жактарга ата-энеси же башка улуу адамдардын коштоосунда гана баруусуна уруксат берилет.
Мындай чара балдарды интернеттеги ар кандай зордук-зомбулукка жана аморалдык иштерге үгүттөгөн маалыматтардан коргоо максатын көздөй турганы айтылууда.
Өзбекстанда укук коргоо уюмдары өзбек бийлиги интернеттен маалымат алуу эркиндигин чектейт деп сындап келишет.