Бостон марафонундагы үч адамдын өмүрүн алган жардыруу үчүн айыпталып жаткан Жохар Царнаевдин соту 4-мартка белгиленди. Бул тууралуу Массачусетс штатынын прокуратурасынын Твиттердеги расмий микроблогунда кабарланды. Учурда Царнаевдин иши боюнча сот арачыларын тандоо жараяны аяктап калды. Анын жыйынтыкталышы менен сот башталмакчы.
Буга чейин Царнаевдин адвокаттары Массачусетс соту ишти бейтарап карабайт деп, аны башка штатта кароону суранышкан.
Жохар Царнаев 2013-жылдын 15-апрелинде Бостон марафону учурунда эки жардырууну уюштурган деп айыпталууда. Окуяда үч адам мерт кетип, 250 адам жараат алган. Жохар өзү Бостондун жанынан кармалган, андан бери камакта, бирок коюлган айыпты моюнуна албай келүүдө. АКШ прокуратурасы ага өлүм жазасын берүүнү суранган.