Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Өткөн жылы өлкөдө 25 мектеп, 1 бала бакча курулган


Жийделик орто мектеби 2014-жылы бүтүрүлүп, пайдаланууга берилген. Ош. 1-сентябрь, 2014-жыл
Жийделик орто мектеби 2014-жылы бүтүрүлүп, пайдаланууга берилген. Ош. 1-сентябрь, 2014-жыл

Мамлекеттик курулуш департаментинин маалыматы боюнча мунун ичинен Ош облусунда эле 14 мектеп бүтүрүлгөн, Жалал-Абатта 4, Баткенде 3, Чүй облусунда 2, калган облустарда жана Бишкек шаарында бирден мектеп бүтүрүлгөн.

Ошондой эле 7 саламаттыкты сактоо жайлары курулуп, Бишкек жана Ош шаарларында 191 батирлүү үч турак-жайдын курулушу аяктаган.

Акыркы жылдары жеке ишкерлер тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында көп кабаттуу турак-жайлардын курулушу күч алды. Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта 100дөн ашуун көп кабаттуу турак-жайдын курулушу жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG