Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Акыйкатчы журналист камалганына тынчсыздануу билдирди


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев, октябрь-2013
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев, октябрь-2013

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев журналист Арслан Сартбаевдин эки айга камакка алынышына тынчсызданып, бул БУУ Башкы ассамблеясы менен Кыргызстан ортосунда адам укуктарын сактоо боюнча макулдашууну жана шектүүнүн баш коргоо чарасын кароо боюнча Токио эрежеси жөнүндөгү эл аралык документтин талаптарын бузарын билдирди.

Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен айыпталган журналист Арслан Сартбаевди Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин 26-февралда чыгарган.

Ушул жуманын башында ишкер менен журналист чырлашып кетип Сартбаев ага ок чыгарганы маалымдалган. Буга ишкер Самсалы Четимбаевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу макала интернет булактарына жарыяланганы себеп болгон. Эртеси Четимбаев журналист Сартбаев андан кечирим сураганына байланыштуу милициядан арызын кайра кайтарып алган болчу.

Азырынча Сартбаевдин өзү же жакындары буга комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG