«Азия Микс» бул ирет «Саратов» (Саратов), «С.У.Р.А» (Пенза), «Экскурсия по городу» (Новосибирск) жана Татарстан Республикасынын командалары менен таймашты.
"Азия Микс" экинчи орунду багындырды
25-февралда Москвада өткөн КВН Жогорку лигасынын 1/8 оюнуна бишкектик «Азия Микс» командасы катышып, 2-орунду ээледи. Бул топ үч жылдан бери орустардын шайырлар жана тапандар таймашына катышып келет.
1
КВНчилер Кыргызстандын Орусияга ыктап, Бажы биримдигине кирип жатканы жөнүндө дагы күлкү-тамаша айтып кетишти.
2
«Азия Микс» командасы Сочиде өткөн 26-музыкалык фестивалдын жыйынтыгы боюнча 2015-жылы КВНдин Жогорку лигасында ат салуучу 20 команданын бири катары тандалган.
3
4
«Азия Микс» командасынын курамы бул жылы жаңыланган. Бишкектик командага Тажикстандан, Өзбекстандан дагы балдар кошулган.
5
6
КВНдин алып баруучусу Александр Масляков оюндун бул сезонун «күйөрмандар үчүн дагы, оюнчулар үчүн дагы чоң үмүттөрдүн мезгили» деп атады.
7
«Үзүлбөгөн үмүттөр» аталышындагы бул оюн Орусиянын биринчи каналынан 15-мартта көрсөтүлөт.
8
Команданын капитаны Эльдияр Кененсариев «Биз эми азиялыктардын жакшы жагын көрсөтөбүз» дейт. Оюнчулардын катарына «Жатакана» сериалынан кийин Кыргызстанда белгилүү болуп калган өзбек актрисасы Ситора Фармонова кошулган.
9
10
11