Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

28-февралга карата аба ырайы


Чукул эскертүү! 2-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу жана күндүн ысышынан улам тоолуу унаа жолдордо кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болот. Адистер айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.

28-февралда түнкүсүн Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,

Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,

Баткен облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6,

Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...+2,

Бийик тоолуу райондордо -24...-29, күндүз -8...-13 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, кечинде туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 4…6 градус болот.

XS
SM
MD
LG