Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:12

УКМК: Ысык-Көлдө экстремисттик топтун активдүү мүчөлөрү кармалды


УКМК кызматкерлери Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн текшерүү учурунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалганын билдирди.

24-февраль күнү жергиликтүү үч тургун кармалып, алардын үйүнөн көп сандагы экстремисттик маанайдагы китептер жана аудио, видеоматериалдар табылган. Алынган буюмдардын баары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга экспертизага жиберилди.

Колго түшкөндөрдүн бири 43 жашта. Экөө 28 жана 26 жаштагы эркектер. (SE)

XS
SM
MD
LG