Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Пикассонун АКШда табылган сүрөтү Франциядан уурдалган


Пабло Пикассонун АКШда табылган миллиондогон долларлык  "Чач тарач" сүрөтү Франциядан уурдалган. Бул тууралуу АКШ прокуратурасы билдирди. Сүрөт экспресс-почта аркылуу жөнөтүү аракети болгон учурда табылган. 

Нью-Йорктун чыгыш округу боюнча юстиция министри Лоретта Линч аны тез арада конфискациялоону талап кылды.

Сүрөт 1911-жылы кубизм стилинде тартылган. Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, ал Парижде 2001-жылдын ноябрь айында жоголгон. Аны АКШга жөнөтүүгө кимдин тиешеси бар экени азырынча айтыла элек. 

 

XS
SM
MD
LG