Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Украина: Тараптар согуш талаасынан курал-жарагын чыгарып кетүүдө


Украин аскерлери Минск макулдашуусуна ылайык оор техникасын Донбасстагы каршылаш чектен ОБСЕнин атайын миссиясынын көзөмөлүндө алып чыгып кетүүдө. Атайын операция штабынын өкүлү Анатолий Стельмахтын айтымында, артиллерия каршылаш тарап менен чектеш аймактан 25 чакырым ичке жылдырылууда.

Өзүн өзү жарыялаган Донецк элдик республикасынын башчысы Александр Захарченконун буга чейин билдиргенине караганда, жикчилер оор техникасынын 90 пайызын чектеш аймактан алып чыгып кетти. Бүгүн "Град" ок атуучу системалары чыгарылат. Ал жакта да ОБСЕнин атайын байкоочулары иштеп жатат.

Украин президенти Петр Порошенко бул алгачкы гана кадамдар экенин, эгер жикчилер тынчтык келишимин буза турган болсо курал-жарак кайрадан согуш талаасына жөнөтүлөрүн билдирди.

Өткөн түн Донбасста жалпысынан тынч өттү. Минскте кабыл алынган тынчтык келишими аткарыла баштаганын байкоочулар айтууда.

Былтыр жазында башталган согуш 6 миңге жакын адамдын өмүрүн алды. (RK)

XS
SM
MD
LG