Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Испания Украинада урушта жүргөн сегиз жаранын камакка алды


Донбасста согушка аралашып жүргөн испаниялыктар
Донбасста согушка аралашып жүргөн испаниялыктар

Испанияда Украинанын чыгышында жикчилдер тарабында согушуп жүргөн сегиз жаран камакка алынды. Полициянын өкүлдөрү азырынча аты-жөнү айтылбаган сегиз киши 27-февралда Астурия, Каталония, Эстремадура, Мурсия, Наварра жана Мадридде камакка алынганын билдирди.

Полициянын билдирүүсүндө алар бир катар кылмыштарга шектүү экени айтылат. Испаниянын маалымат каражаттары тергөөгө жакын булактарга таянып, кармалгандар курал-жарак алып жүргөн, Украинадагы жаңжалдарга катышып, Испаниянын бейтараптуулугуна шек келтирди деген айыптар тагылып жатканын жазып чыгышты.

Украинанын чыгышындагы куралдуу кармаштарда өткөн жылдын апрель айынан бери кеминде 5800 киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG