Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Казакстан: президенттикке талапкерликке катталууга 93 миң кол топтоо керек


Казакстандын мамлекеттик байрагы
Казакстандын мамлекеттик байрагы

26-апрелде өтчү президенттик шайлоого талапкер болуп катталууну каалаган киши 93012 кол топтоосу керек. Бул тууралуу Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясы жума күнү маалымдады.

Ошондой эле БШК талапкерлерден казак тилинен экзамен алчу лингвисттик комиссиянын курамын бекитти. 2011-жылкы шайлоодогу тил комиссиясынын курамы өзгөргөн жок. Президенттик шайлоого көз салчу эл аралык байкоочуларды каттоо 20-апрелде аяктайт.

Казакстанда мөөнөтүнөн эрте белгиленген шайлоо 26-апрелде өтөт. Бейшембиде БШК шайлоо өнөктүгүнүн планын бекитти. 25-февралда президент Назарбаев мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду. Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурун өткөрүү демилгесин Казакстан Эл ассамблеясы көтөргөн.

XS
SM
MD
LG