Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Обама Немцовдун өлүмү боюнча атайын билдирүү жасады


АКШ президенти Барак Обама оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлтүрүлүшүн кескин айыптады. “Кошмо Штаттары Немцовдун мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн айыптайт жана орус бийлигин кылмышка күнөөлүүлөрдү тез арада жоопко тартууга чакырат”, деп айтылат Ак үйдүн атайын билдирүүсүндө.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри оппозиционердин өлүмүнө терең кайгыруу билдирип, Немцов Орусияны реформалап, элге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бергиси келген деп билдирди.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Немцовдун өлтүрүлүшү атайын уюштурулган буйрутма жана Кремлге карата чагым экенин айткан.

XS
SM
MD
LG