Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык экспертиза департаментинин директору Төлө Исаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда департаментке караштуу биологиялык, вирусологиялык, паразитологиялык жана санитардык гигиеналык төрт лаборатория иштейт.
- Кошумча лаборатория ачууга жабдуулар жана адистер жетиштүү. Медико-генетикалык лаборатория ачуу үчүн мамлекеттен каражат деле сурабайбыз. Бүгүнкү күндө лабораторияны ачууга Саламаттыкты сактоо жана Экономика министрликтеринен уруксат алуу үчүн сүйлөшүү жүрүүдө, - деди Исаков.
Кыргызстанда адамдардын тек-жайын аныктаган лаборатория жок. Ушул себептүү июнь окуясы сыяктуу калабаларда каза болгондордун өздүгү чет өлкөлөрдө экспертизадан өтүп келет. (ECh)