Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

Немцовду миңдеген адамдар эскерет


Бүгүн орус оппозициясы Борис Немцов өлтүрүлгөн жерге аны эскерүү үчүн жүрүшкө чыгат. Уюштуруучулардын айтымында, эскерүү иш-чарасы Москва бийлиги менен макулдашылган. Немцовдун үзөңгүлөшү, “РПР-ПАРНАС” партиясынын лидерлеринин бири Михаил Касьяновдун айтымында, жүрүшкө 50 миңге жакын адам катышат. Алар жүрүштү Славян аянтынан баштап, Немцов өлтүрүлгөн Москворец көпүрөсүнө топтолушат. Буга байланыштуу аталган аймакта жол кыймылы убактылуу чектелет.

Оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар Немцовдун өлүмүн бийликтен көрүп жатышат. Кремль бул дооматтарды четке кагып келет. Дүйнө лидерлери оппозиционердин өлүмү тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жазалансын деп президент Владимир Путинден талап кылышууда.

Оппозициялык саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр, 55 жаштагы Борис Немцовду ишембиге караган түнү Москванын борборунда атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG