Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Депутат көл жээгине тосмо орноткондорго жаза сунуштады


КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев көл жээгине тосмо орноткон эс алуучу жайлардын ээлерин административдик жоопкерчиликке тартууну сунуштап жатат. Бул тууралуу депутат “Азаттыкка” өзү билдирди. Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору жакын арада коомдук талкууга чыгат.

- Ысык-Көлдүн жээктериндеги 100 метр жер коомчулук үчүн ачык болушу керек. Бирок баары тосуп алышкан. Анткени пансионаттардын кожоюндары жалаң министр же депутаттар,- деди Тербишалиев.

Демилгечи кошумчалагандай, эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, көл жээгиндеги тосмолордун бардыгы алынат. Мыйзамга баш ийбегендерге 50 миң сомдун тегерегинде акчалай жаза чегерилет.

Ысык-Көлдүн жергиликтүү жашоочулары көптөн бери көл жээгиндеги тосмолорду алуу талабын коюп келишет. Былтыр жай айында айрым эс алуу жайлардын тосмолорун күч менен кулатууга аракет жасалып, пансионат ээлери менен жашоочулар ортосунда жаңжал чыккан. (UEz)

XS
SM
MD
LG