Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

Орусиянын Коммунисттик партиясы өкмөттүн отставкасын талап кылууда


Москванын Новопушкин сейил багында Орусиянын Комунисттик партиясынын “Куру чөнтөктөрдүн жүрүшү “ аттуу акциясы өтүүдө. Акцияда, уюштуруучулардын айтымында, жети, милициянын эсеби боюнча үч миңге жакын адам өкмөттүн отставкасын талап кылууда. Катышуучулар колдоруна кара түстөгү шарларды кармап, бош мискейлерди калдыратышты.

Мамдуманын депутаты Валерий Рашкин митингде сүйлөп жатып, азыркы өкмөттүн жүргүзгөн туура эмес саясаты орусиялыктардын айлык акыларын төмөндөттү деп билдирди.

Катышуучулардын айрымдары журналисттерге өкмөттүн отставкасы үчүн эмес, акцияга катышканы үчүн 200-250 рубль алууга келгенин билдиришти.

XS
SM
MD
LG