Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Израилдин премьери АКШга сапар алды


Биньямин Нетаньяху, Иерусалим, 16-февраль, 2015-жыл.
Биньямин Нетаньяху, Иерусалим, 16-февраль, 2015-жыл.

Вашингтонго бүгүн жөнөгөн Биньямин Нетаньяху Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча түзүлүүчү ыктымал келишимге каршы өз аргументтерин берүүнү көздөөдө.

Ал АКШ Конгрессинин эки палатасында тең сөз сүйлөйт. Бирок Конгрессти көзөмөлдөгөн оппозициядагы республикачылар тарабынан чакырылып, визити Ак үй менен макулдашылбагандыктан администрациянын нааразылыгын жаратты.

Нетаньяху дүйнөнүн алты державасы, анын ичинде АКШ Иран менен учурда сүйлөшүп жаткан келишимге каршы чыгууда. Жөөт өкмөт башчысынын ырастоосунда, ал келишим Иранды өзөктүк бомба жасоодон баш тарттыра албайт.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Нетаньяху “дүрбөлөңгө” түшүп жатканын, бирок ал Иран АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция, Германия менен түзүүчү келишимге тоскоолдук кыла албасын белгиледи.

Тараптар талаш маселеге саясий негиз болуучу макулдашууга быйыл 31-мартка чейин, ал эми жыйынтык келишимге 30-июнга чейин жетишүүгө үмүттөнүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG