Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

Тажикстан: добуш берүүгө шайлоочулардын 82 пайыздан ашууну келди


Тажикстанда бүгүн парламенттин төмөнкү палатасынын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Шермухаммад Шохиён кечки саат сегизде добушканалар жабылгандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып, буларды билдирди:

- Шайлоо участкалары 20:00дө жабылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, шайлоочулардын 82 пайыздан ашыгы добуш берүүгө катышкан. Бул алдын ала маалыматтар, сандар өзгөрүшү мүмкүн.

Тизмеге кирген шайлоочулардын саны өлкө боюнча 4 миллион 318 миң адам. Шохиёндун айтымында, добуш берүү тынч, мыйзамдар талап кылгандай өттү жана шайлоочулар активдүү катышты. Шайлоонун жүрүшүндө жазуу түрүндө арыз-даттануу түшкөн эмес.

“Партиялардан оозеки он арыз түштү, бирок андагы дооматтар ошол замат чечилди” деди Шохиён.

Бирок «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматы добуш берүү учурунда бир эле адам бүткүл үй-бүлөсү үчүн добуш бергенин, шайлоо бекетинде үгүт жүргүзүү өңдүү мыйзам бузуу көрүнүштөрүн документтештирди.

Жалпысынан Тажикстандын бул жолку шайлоосунда парламент мандатын сегиз партиянын 288 талапкери талашты.

Шайлоонун алдын ала расмий жыйынтыгы эртең, 2-мартта чыгарылмакчы.

XS
SM
MD
LG