Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Орусияда патент алуучулардын саны эки эсе кыскарды


Москванын четиндеги Сахарово конушунда жайгашкан Миграция борборуна патент алуу үчүн келгендер
Москванын четиндеги Сахарово конушунда жайгашкан Миграция борборуна патент алуу үчүн келгендер

Бул тууралуу Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысынын биринчи орун басары Екатерина Егорова журналисттер менен жолугушуу учурунда маалымдады.

- Жыл башынан бери патент алууга 85 300 адам документ тапшырган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе аз. Былтыр 194 700 киши берген эле, - деди Екатерина Егорова.

27-февралда Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү Орусияда жаңы киргизилген патент системасы боюнча эки айлык иштин жыйынтык отчетун журналисттерге кабарлашты.

2015-жылдын башынан Орусияда чет элдик мигранттарга квота жоюлуп, патенттик система ишке кирген. Патент алуу үчүн чет элдик мигрант медициналык текшерүүдөн өтүп, орус тили, Орусиянын тарыхы жана мыйзамдары боюнча тест тапшырышы керек. (LzT)

XS
SM
MD
LG