Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Парламентте энергетика жана билим тармагындагы коррупция талкууланат


Жогорку Кеңештин жыйындар залы
Жогорку Кеңештин жыйындар залы

Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы комитети бүгүн энергетика жана билим берүү тармагында жемкорлукту алдын алуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулайт. Жыйын Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында түзүлгөн жумушчу топтун корутундусунун негизинде болот.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, топтун жетекчиси, депутат Бакытбек Жетигенов эки тармакта коррупцияга каршы күрөш жана жемкорлукка жол ачкан аракеттер тууралуу баяндама жасайт. (SE)

XS
SM
MD
LG