Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Бишкекте Немцовду эскеришет


Москвада миңдеген кишилер Борис Немцовду эскерген жөө жүрүшкө чыкты. 1-март, 2015-жыл.
Москвада миңдеген кишилер Борис Немцовду эскерген жөө жүрүшкө чыкты. 1-март, 2015-жыл.

Орусиянын Бишкектеги элчилигинин жанында бүгүн кыргызстандык активисттер чогулуп, Москвада үч күн мурда киши колдуу болгон саясатчы Борис Немцовду эскеришет. Уюштуруучулардын айтымында, жыйын саат 12:00дө башталат.

Оппозициячыл саясатчы Борис Немцовду белгисиз адам Москванын чок ортосунда 27-февралда атып кеткен. 1-март күнү Орусияда, Украинада жана Польшада аны эскерип миңдеген киши жүрүшкө чыкты.

Москвадагы акцияга 70 миңдей адам катышканын уюштуруучулар кабарлады. Бирок полиция демонстранттар саны 21 миңдин тегерегинде болгонун айтууда. Ал эми байкоочулар кеминде 50 миңден ашуун адам чогулганын жазышты.

XS
SM
MD
LG