Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн эртең мененки саат 09:43 чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу аталган райондун Коргон айылынан 2 чакырым түштүктү, Чарбак-Сай айылынан 3 чакырым чыгышты, Катраң айылынан 6 чакырым түндүк-батышты, Кара-Суу айылынан 8 чакырым түндүк-батышты карай жайгашканы аныкталды. Коргон, Чарбак-Сай, Катраң айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.
Алдын-ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.