Мэриянын алдындагы Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Айбек Өмүралиев Улуттук университетте окуган эмес. Бул тууралуу аталган окуу жайдын архив башчысы Чынара Султаналиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шаардык кеңештин айрым депутаттары аталган университетке Өмүралиевдин диплом алган-албаганын тактоо үчүн кат жолдошкон. Натыйжада ага диплом берилбегени аныкталган.
Айбек Өмүралиев болсо Улуттук университеттин экономика факультетин 2004-жылы аяктап, диплом алганын айтууда.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши Муниципалдык менчик башкармалыгынын ишин канааттандырарлык эмес деп таап, жетекчисинин отставкасын талап кылышкан. (UEz)