Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Күбө кыз Немцовду аткан адамды көргөн эмес


Немцовду эскерүү жүрүшү. Москва, 1-март, 2015-жыл.
Немцовду эскерүү жүрүшү. Москва, 1-март, 2015-жыл.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Борис Немцов Москвада атылган кезде анын жанында болгон Анна Дурицкая бул тууралуу “Дождь” телеканалы менен маегинде билдирди. Анын айтымында, Немцовду өлүтүргөн адам алардын артынан келгендиктен бет келбетин көрө алган эмес.

Болгону кылмыш жасалган жерден автоунаа кетип жатканын көргөн, бирок унаанын моделин да, номерин да аңдап биле алган эмес. Анна Дурицкая али Москвада, тергөөчүлөрдүн кайтаруусу алдында калып жатканын белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

- Мен азыр күбө макамындамын. Мүмкүн болгон көрсөтмөлөрдүн баарын бердим жана Орусия федерациясынын аймагында али эмне үчүн кармалып жатканымды түшүнбөйм.

Анна Дурицкая ага Москвадан кетүү кооптуу экенин айтышканын кошумчалады. Акыркы бир нече жылдан бери орус президенти Путиндин саясатын, анын ичинде Украина боюнча аракеттерин кескин сындап келген Немцов Москванын чок ортосунда, 27-февралдын түнүндө атып өлтүрүлгөн эле.

Кечээ Орусия борборунда миңдеген адам аны эскерүү жүрүшүнө чыгышты. (UE)

XS
SM
MD
LG